Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:58

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аскердик жоготуусу 30 миңге жеткенин билдирди


Игорь Конашенков.
Игорь Конашенков.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков согуштук аракеттер башталгандан бери Украина 14 миң аскерин жоготуп, 16 миң аскери жарадар болгонун маалымдады. Бул тууралуу ал атайын брифингде маалымдап, Украинанын аскердик жоготуусу жалпы 30 миңге жетти деди.

Конашенков "Украина салгылашуу башталгандан бери абадан коргонуу күчтөрүнөн, аскердик авиациясынан жана аскердик флотунан толук айрылганын” айтты.

Орус тарап муну менен Москва атаган “атайын аскердик операциянын биринчи этабы демилитаризация тууралуу өз максатына жалпы жонунан жеткенин, Украинанын куралдануусу төмөндөтүлгөнүн” билдирүүдө.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү ошондой эле орус аскерлери Украинанын Херсон облусунун бардык аймагына, Запорож облусунун көпчүлүк аймагына көзөмөл орнотконун, Киев, Харьков, Чернигов, Сумы жана Николаев шаарлары камалоого алынганын белгилейт. Ал Орусиянын аскерлеринин мындан аркы максаты Донбассты бошотуу экенин кошумчалады.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги көп күндөн кийин өзүнүн жоготуулары тууралуу маалыматты жаңылап, 25-мартка карата 1351 аскери өлгөнүн, 3825 аскери жарадар болгонун билдирген. Украинанын Коргоо министрлиги болсо Орусия өлгөндөрдү жана жарадарларды кошкондо 16 миңден ашык аскерлерин жоготконун маалымдаган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Бир айдан бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катуу чабуулдар Киевге, Харьковго жана Мариуполго жасалды. Деңиз жээгиндеги Мариупол шаарына орус күчтөрү күн сайын сокку уруп жатат.

Согуш башталгандан бери Украинада жүздөгөн адам каза таап, 3 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду. Өлкөдө жүздөгөн үйлөр жана башка объектилер талкаланды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG