Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:55

Армения Тоолуу Карабактагы айылга Азербайжан аскерлери басып киргенин кабарлады


Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.
Армения менен Азербайжандын ортосундагы Тоолуу Карабак аймагынын картасы.

Армениянын Тышкы иштер министрлиги 25-мартта билдирүү таратып, Азербайжан Тоолуу Карабактагы “Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн жоопкерчилигине караган аймакка басып киргенин” маалымдады.

Мурдараак армян жалпыга маалымдоо каражаттары Аскеран районундагы Парух (Фаррух) айылына жакын жерде Азербайжан аскерлери ок чыгарганын жазышкан.

“Тоолуу Карабактагы кырдаал чыңалган абалда турат”,-деп айтылат Армениянын аталган министрлигинин билдирүүсүндө.

“Азаттыктын” армян кызматы кызматы жазгандай, министрлик “24-мартта Парухтагы кагылыштан улам Тоолуу Карабактын коргонуу армиясынын эки жоокери каза болгонун” маалымдайт. Армян тарап азербайжан аскерлери учкучсуз учактар, анын ичинде түркиялык өндүрүштөгү Bayraktar TB-2 аппараттары менен чабуул жасаганын билдирүүдө.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги да билдирүү таратып, Армения “эл аралык коомчулукту адаштыруу үчүн туура эмес маалымат таратып жатат” деп айыптады.

Ага карабай азери медиалары 25-март күнү Фаррух айылында жана бул жердеги чокуда атышуу болгонун жазышты.

“Армян аскерлери бул стратегиялык бийиктиктен Азербайжан аскерлери сүрүп чыгара алган жок. Орусиянын күчтөрү да азербайжандыктарды артка кайтара албады”,-деп жазат жергиликтүү “Туран” маалымат агенттиги. Аталган медиа окуяга Азербайжан Коргоо министрлиги комментарий бербегенин белгилеген.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгон. Бул жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шушу шаарын кайтарып алган. Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Бул келишимге ылайык, Армения менен Азербайжан ал кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жаткан. Бул жерде Орусиянын тиешелүү контингенти 1960 аскер, 90 чопкутталган автоунаа, 380 автоунаа жана башка атайын техникалардан турары маалымдалган.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG