Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Башкы прокуратура министр Бейшеналиевге эскертүү берди


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

“Башкы прокуратурага министрдин жүрүм-туруму боюнча кайрылуулар келип түшүп, анын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге этикага жатпаган жүрүм-туруму боюнча эскертүү берилди”, - деп айтылат көзөмөл органдын билдирүүсүндө.

Башкы прокуратура мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын талаптары бузулганы боюнча Министрлер кабинетинин төрагасына сунуш жөнөтүлгөнүн билдирди.

Буга чейин парламенттин айрым депутаттары саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин коомдук жайлардагы жүрүм-турумуна, башка кесиптештери тууралуу айткандарына өлкө жетекчилери реакция жасашы керек экенин айтып чыгышкан.

Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыккан. Бейшеналиев өзү саламаттык сактоо тармагында реформа жасап жатканын, ага айрым адамдар бут тосууга аракет кылып атканын айтып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG