Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

НАТО Украинага аскер киргизбөөнү чечти


НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити. 24-март, 2022-жыл. Брюссель, Бельгия.
НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити. 24-март, 2022-жыл. Брюссель, Бельгия.

24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммитте НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлери Түндүк Атлантикалык уюмдун коопсуздугун чыңдоону макулдашты. Алар бирикменин Европадагы аскерлерин төрт эсе көбөйтүүнү, жаңы күчтөрдү Румынияга, Венгрияга, Словакияга жана Болгарияга жайгаштырууну чечти.

Саммиттен кийин басма сөз жыйынын өткөргөн уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО Украинаны колдоону улантууну, ага курал жана жабдууларды жөнөтүүнү макулдашканын билдирди. Конфликттин күчөп кетишин алдын алуу үчүн НАТО Украинанын аймагына аскерин киргизбөө боюнча мурдагы позициясында калганын тактады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский саммитте видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Түндүк Атлантикалык уюмду Орусиянын агрессиясы менен күрөшүп жаткан Киевге колдоосун көбөйтүүгө чакырды. Ал уюмдагы танктар менен учактардын жок дегенде 1% болсо да Киевге берүүсүн өтүнүп, украин аба мейкиндигинде учууга тыюу салууну суранды.

Столтенберг аскердик жардам берүүнүн деталдары ачыкталбай турганын билдирип, бирок уюмдун лидерлери “Украинага учуусуз зона киргизүүдөн баш тартышканын” кошумчалады. Саммитте Столтенбергдин аталган кызматтагы мандатын 2023-жылдын күзүнө чейин узартуу чечими да кабыл алынды.

Соңку саммитке уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышты. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG