Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Украинада каза болгон жигиттин сөөгү Кыргызстанга жеткирилди


Маркумдун сөөгүн жеткирип келген машинелер.
Маркумдун сөөгүн жеткирип келген машинелер.

Украинадагы согушта каза болгон теги кыргызстандык жигиттин сөөгү мекенине алынып келди. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы жеринен маалымдады. Азырынча маркумдун жакындары журналисттерге толук маалымат бере элек.

Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер, Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында туулуп-өскөн орус жараны Эгемберди Дорбоев каза болгонун Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 22-мартта расмий ырастаган.

Маркумдун жакындары анын курман болгонун 16-мартта укканын кабарлашкан. Орусиянын бир нече сайты ал 8-мартта каза болгонун жазышкан. Окко учкан жигит 19 жашта экени, сөөгү Кант авиабазасына жөнөтүлөрү маалым болгон.

Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгектенет. Бейрасмий маалыматка караганда, 400-500 миңдей кыргызстандык орус жарандыгын алган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG