Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Базарбеков сот тармагы журналисттерге ачык болорун айтты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков “Соттор менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө” боюнча кезектеги жыйында сот системасы журналисттерге ачык болушу керек экенин белгилеп, бул маселени жеке көзөмөлүнө алаарын билдирди.

«Сот системасы журналисттерге, сиздерге өз убагында ыкчам маалымат берип туурууга милдеттүү. Сиздер дагы бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук сапаттуу маалымат берүүгө көмөктөшүүңүздөр зарыл деп эсептейм», - деди Базарбеков.

24-мартта өткөн жыйында ал сотторго болгон элдин ишеничин кайтарууда журналисттердин ролун белгиледи.

4-мартта судьялардын курултайында Замирбек Базарбеков судьяларга кайрылып, отурумдардагы түрдүү тыюу салууларды токтотууга чакырган. Кыргызстанда сот отурумдары, айрыкча саясатчылардын иши судьянын чечими менен жабык өткөн, журналисттер киргизилбеген учурлар көп. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG