Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:42

Зеленский НАТОдон танк менен учак сурады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун чукул саммитинде видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Түндүк Атлантикалык уюмду Орусиянын агрессиясы менен күрөшүп жаткан Киевге колдоосун көбөйтүүгө чакырды.

Зеленскийдин айтышынча, орус баскынчылыгынын бир айдан бери туруштук берип жаткан Украина чоң жоготууларга карабай, НАТОдогу өнөктөштөр урматтаган жалпы баалуулуктарды коргоого даяр экенин көрсөтө алды. Ал Батыштын Украинага буга чейин жардам берип келгенин кубаттап, бирок ал жетишсиз болуп жатканын билдирди.

Владимир Зеленский НАТОну уюмдагы танктар менен учактардын жок дегенде 1%ын болсо да Киевге берүүсүн өтүнүп, украин аба мейкиндигинде учуусуз зонаны камсыздап берүүсүн суранды.

“Учуусуз зона” НАТОнун учактары Орусиянын ракеталары менен учактарын атып түшүрө баштайт дегенди түшүндүрөт. Уюмга мүчө мамлекеттер мындай эрежени киргизбей турганын, алардын аскерлери Украинага жөнөтүлбөй турганын маалымдаган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “андай болсо Үчүнчү дүйнөлүк согуш чыгып кетиши мүмкүндүгүн” айткан.

24-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде НАТОнун Украинадагы кырдаал боюнча кезексиз саммити өтүп жатат. Анда уюмга мүчө мамлекеттер - АКШнын президенти Жо Байден, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Олаф Шольц жана башка өлкөлөрдүн лидерлери катышууда. Зеленскийдин сөзүнө караганда бул саммит “Украинага ким дос, ким өнөктөш экенин, ким сатып кеткенин көрсөтөт”. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG