Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Өкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Өкмөт кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда белгилүү болду.

Пландын биринчи пункту катары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары калкты социалдык жактан колдоо, ишке орноштуруу, каржылык жана бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, товар жүгүртүү боюнча чаралар каралууда.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынарын билдирди.

24-февралда Орусия Украинага кол салган күндөн тартып Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кетти. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG