Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:59

Беларус Украинанын Бресттеги консулдугун жапты


Украинанын чет жактагы элчиликтеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын чет жактагы элчиликтеринин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Беларустун бийлиги Брест шаарында жайгашкан украин консулдугун жаап, ал жерде жана Минскидеги элчиликте иштеген дипломаттардын бир бөлүгүн өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги кабарлады.

“Украинанын Беларустагы элчилиги 1+4 форматында гана иштей алат. Башкача айтканда бир элчи жана төрт кызматкер калса болот”,- деди 23-мартта Беларустун Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Анатолий Глаз.

Мекеме өкүлү буга Украинанын дипломаттарынын “достукка жатпаган аракеттери” жана “Беларус менен болгон мамлекеттик ымаланы бузганы” себеп болгону менен түшүндүрдү.

22-мартта Беларустун Коопсуздук кызматы Украинанын Минксидеги элчилиги жана Бресттеги консулдугу чалгын иштерин жүргүзүп келгени аныкталганын билдирген. Мекеме украиналык дипмиссиянын 10 кызматкери Украинанын Коргоо министрлигинин жана Чалгын кызматынын өкүлдөру болгонун кабарлаган.

19-мартта Беларус өзү Украинадагы элчилигинин кызматкерлерин толук чыгарып кеткен. Эксперттер муну 24-февралда Орусия Украинага кол салганга чейин Киевдеги дипломаттарын чыгарып кеткенине окшоштурушуп, Беларус Украинага чабуул жасашы мүмкүн деп боолголошкон. Минск муну төгүндөп, элчиликтин кызматкерлери камоодо калганы жана коркутууларга кабылганы үчүн чыгарылып кеткенин билдирген.

Украинага кол салган орус аскерлери Беларустун аймагынан да кирип келишкен. Согуштук аракеттерге чейин алар беларус аскерлери менен машыгуу өткөрүп жатышкан эле. Расмий Минск алардын жоокерлери чабуулга аралашпаганын билдирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG