Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Казакстан: Кырсык болгон ЖЭБдин жетекчилери камакка алынды


Уч мордун бири урай элекке чейин тартылган сүрөт.
Уч мордун бири урай элекке чейин тартылган сүрөт.

Казакстанда Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) окуяга байланыштуу ишкананын директору жана башкы инженери кармалганын 22-мартта “Азаттыктын” казак кызматы Түндүк-Казакстан облусунун прокуратурасынын маалыматына таянып жазды.

20-мартта Петропавловск шаарындагы ЖЭБдин үч морунун бири урап түшкөн. Прокуратура кызматтык милдетке жоопкерчиликсиз мамиле жасоо деген айыптын негизине кылмыш ишин козгогон.

Соңку маалыматка караганда, кырсык болгон жерден урандылар астынан 38 жаштагы машинист жумушчунун сөөгү табылды.

Петропавловск шаарынын калкы 214 миң адам. Ишкананын жетекчилиги 1961-жылы пайдаланууга берилген мордун техникалык абалы, документтерге ылайык, тийиштүү деңгээлде болгонун, териштирүү жүрүп жатканын билдирди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG