Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Пакистанда машыгуу учурунда учак кулап, эки учкуч каза болду


Пакистандын кырсыкка кабылган учагы. Архивдик сүрөт.
Пакистандын кырсыкка кабылган учагы. Архивдик сүрөт.

Пакистандын Пешавар шаарынын айланасындагы атайын аэропортто машыгуу миссиясын аткарып жаткан учак кулап, эки учкуч каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий өкүлдөрү кабарлашты.

22-марттагы кырсыкта жерде турган жарандар жабыр тарткан эмес. Окуянын себептери иликтенүүдө.

Пакистандагы машыгуу үчүн колдонулган учактар негизинен Кытайдан сатып алынат. Аларды колдонуу учурунда кырсыктар көп катталат, аскерлердин каза болгон учурлары арбын.

2019-жылы Равалпинди шаарынын жакасындагы кыштактардын бирине аскердик учак кулап, 19 адам өлгөн. 2020-жылы Пакистандын Куралдуу күчтөрүнүн F-16 учагы Исламабадга жакын жерде аскердик парадга даярдык учурунда кырсыкка кабылып, бир учкуч каза болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG