Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:33

Орусиянын жарандары бир айда банктардан 1,2 трлн. рубль чыгарып алышты


Капчыгында орус рублин кармаган киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Капчыгында орус рублин кармаган киши. Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын февраль айында Орусиянын жарандары банктардагы эсептеринен 1,2 трлн. рублин чыгарып алышты. Бул тууралуу Орусиянын Борбордук банкынын атайын баяндамасында айтылат.

Бул каражат банктарда сакталган каражаттардын 3,5% түзөт. Салымдарды чыгарып алуу 2008-жылдан берки жогорку көрсөткүч болуп жатат. РБКнын маалыматына ылайык, ал жылы октябрь айында дүйнөдөгү кризистен улам орусиялыктар сакталган акчанын 6% чыгарып алышкан.

Борбордук банкктын маалыматында, каражаттардын көбү Орусиянын Украинага чабуулу башталган 24-февралдан кийин алынган. Мекеме акчаны мындан ары чыгарып кетүүнүн алдын алуу аракеттери көрүлүп жатканын билдирет. Марттагы статистиканы келтире элек.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада ал мекеме эл аралык резервиндеги 640 млрд. доллардай акчасынын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды. Эки күн мурун Франция Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. евросун камакка алган.

Мындан сырткары Орусияга АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун сатууга тыюу салды. Бул жана башка чаралар орус рублинин кунун кескин жоготту.

Февралдан бери 1 доллар 75-80 рублдан 100-120 рублга чейин көтөрүлүп кетти. Орусиянын айрым банктарында жана акча алмаштыруучу жайларында доллар 150-160 рублга чейин сатылууда. Орус бийлиги муну көзөмөлдөө үчүн Москва банктар аралык валюталык биржасындагы сооданы улам-улам жаап салып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG