Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:00

Жалал-Абадда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абадда күчү очогунда беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 21-мартта саат 22:20да жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында төрт баллга, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында үч баллга чейин сезилди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG