Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Зеленский Орусия менен мунаса жалпы украиналык референдумду талап кыларын айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Орусия менен сүйлөшүүдө Украинанын коопсуздугунун кепилдиктери же Донбасс менен Крымдын макамы боюнча жетишилиши ыктымал маселелер жалпы украиналык референдум аркылуу чечилүүгө тийиш. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 21-мартта "Суспiльне" басылмасына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, Украинанын коопсуздугун кепилдөө маселесинде сөз конституциялык өзгөртүүлөр тууралуу болот жана алар референдум өткөрүүнү талап кылат.

“Мунасанын тигил же бул форматы боюнча жоопту эл бериши керек. Алар кандай болот – бул Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүнүн жана түшүнүүнүн маселеси. Андыктан кандай болгон күндө да эгер менин кадамдарын элибиз менен бирге болсо мен баарына даярмын”, - деди Зеленский.

24-февралда Орусия Украинада согуш баштаган. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжа бере элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG