Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Мирзиёев менен Путин Украинадагы согуштук кырдаалды талкуулады


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

21-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлап, сүйлөшүү Ташкенттин демилгеси менен болгонун билдирди.

Анда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы өнөктөштүктү өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Мындан сырткары Украинадагы кырдаал да талкууланды.

“Владимир Путин Донбасстагы республикаларды коргоо боюнча атайын аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Өзбекстандын президенти орус тараптын позицияларын жана аракеттерин түшүнүү менен кабыл аларын билдирди”, - деп айтылат Кремл тараткан маалыматта.

Өзбек президентинин сайтында Мирзиёев менен Путин негизинен соода жүгүртүү, инвестициялык, маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулаганын, анын ичинде Украинанын тегерегиндеги кырдаал боюнча да сөз болгону айтылат.

17-мартта Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Олий Мажлистин Сенатында билдирүү жасаганда Украинанын тегерегиндеги суроолорго жооп берген. Анда ал Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстандын олуттуу кабатырлануусун жаратарын билдирип, “Өзбекстан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн тааныйт. Биз Луганск жана Донецк “элдик республикаларын” тааныбайбыз” деп айткан эле.

Путин 21-февралда Украинанын чыгышындагы жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Москва 24-февралда Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага чабуул жасап, басып кирди.

2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин орусиячыл жикчилдер эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялаган. Эки аймакты тең Орусиядан башка бир да өлкө тааныган эмес. (ЕrN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG