Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Бельгия: карнавалдын катышуучуларын машине сүзүп, алты адам каза болду


Бельгиянын полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.
Бельгиянын полиция кызматкерлери. Иллюстрациялык сүрөт.

20-мартта Бельгиянын Стрепи-Бракень шаарында катуу ылдамдыкта келген автоунаа карнавалдын катышуучуларын сүзүп, кырсыктан кеминде алты адам каза болду. 10 чакты адам өтө оор, дагы ондогон адамдар жеңил жаракат алды.

Өлкөнүн прокуратурасы кылмышка шектелип отуз жаштардагы жергиликтүү эки тургун кармалганын маалымдады. Тергөөнүн баштапкы этаптарында алардын аракеттеринен террордук мотив аныкталган жок.

Стрепи-Бракень шаары борбор Брюсселден 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. Анда түрдүү костюмдарды кийген жана барабан ойногон 150дөй киши жыл сайын белгиленүүчү фольклордук парад өткөрүп жатышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG