Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

Пакистандын парламенти премьерге ишенбестик көрсөтөрүн маалымдады


Имран Хан.
Имран Хан.

Пакистандын парламентинин төмөнкү палатасы премьер-министр Имран Ханга ишенбестик көрсөтүү үчүн 25-мартта жыйынга чогулат. Бул тууралуу төмөнкү палатанын спикеринин катчылыгы кабарлады.

Оппозициялык партиялардын альянсы ушул айдын башында Ханга каршы палата төрагасына билдирүү берген. Алар премьердин “Техрик-и-Инсаф” партиясынан толтура киши чыгып кеткенден кийин бул саясий топ көпчүлүктү түзбөй калганын маалымдашкан.

Бир нече адам чыгып кеткенден кийин Имран Хандын партиясы түзгөн коалицияда 172 гана адам калган. Оппозициялык бирикме 163 орунга ээ. Алар премьердин партиясынан чыгып кеткендерди өзүнө кошуп алса, көпчүлүк болуп калышы мүмкүн.

Атайын митингде Имран Хан билдирүү жасап, өз партиясынан чыгып кеткендерди кайра кайтып келүүгө чакырып, кайра келсе кечирим берилерин айткан.

Оппозиция премьердин экономикадагы жана тышкы саясаттагы башкаруусун сындап келет, Хан мындай сын-пикирлерди четке кагат. Саясат талдоочулар өкмөт башчы өлкөдө таасири бар армиянын да ишеничин жоготуп алганын, алар да саясий чечимдерге таасир этип коюшу мүмкүндүгүн болжоп жатышат.

Имран Хан 2018-жылдан бери премьер-министрлик кызматты аркалайт. Мыйзамга ылайык, анын мөөнөтү 2023-жылы аяктайт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG