Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:55

Львовдо согушта балдарды өлтүрүүгө каршы акция өттү


Согуш маалында чарчап калган 109 баланын өлүмүн чагылдырган бешик арабалар. Львов, Украина. 19-март, 2022-жыл.
Согуш маалында чарчап калган 109 баланын өлүмүн чагылдырган бешик арабалар. Львов, Украина. 19-март, 2022-жыл.

Львов шаарынын борборунда 109 бешик араба коюлду. Булар Орусия Украинага бастырып киргенден берки чарчап калган наристелерди эскерүү үчүн коюлганын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады.

"Согуш баасы" деп аталган акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бейкүнөө балдардын бөөдө өлүп жатканына буруу. Иш-чараны Львов шаардык кеңеши уюштурду. Маалыматка ылайык согуш башталгандан бери 109 бала чарчап калган.

18-мартта Львов шаарындагы авиазаводго төрт ракета атылып, бир киши жараат алган. Ракета Кара Деңиз тараптан атылган. Эки ракетаны тең Украинанын абадан коргонуу күчтөрү атып түшүргөн.

Львовго Киевден жана башка согуш болуп жаткан шаарлардан агылган качкындар толуп кеткени, алардын бир бөлүгү Польшага, Германияга жана башка Европа өлкөлөрүнө өтүп жатканы кабарланды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Ошондон бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде, Харьковдо, Мариуполдо жана Львовдо жасалды. Жүздөгөн адамдар каза болду, 3 миллиондон ашык адам качкынга айланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG