Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:04

Адвокат Жоошев Фарид Ниязовдун сотуна катышпай турганын билдирди


Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев ал коргоп жаткан адамдын мындан аркы соттук жараяндарына катышпай турганын билдирди.

“Адилетсиз чечимдерди уга берип тажадым. Ошондуктан Фарид Ниязовдун уруксаты менен бул иш боюнча соттук отурумдарга катышуудан баш тартам. Анткени сот эмес, циркке катышуудан тажадым. Бул - менин укугум”, - деди Жоошев.

18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруу туралуу адвокаттын өтүнүчүн кезектеги жолу четке каккан.

Ниязов 2020-жылдын 9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча айыпталууда.

Ал 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча кармалып, 2020-жылдын октябрындагы башаламандык учурунда бошонуп чыккан. Ошол эле жылы 9-10-октябрындагы окуялар үчүн кайра кармалган. Ал “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандыга жарандык берүүгө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде да шектүү катары өтүп жатат.

Октябрь окуяларына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече кишиге да айып коюлган. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн.

Саясатчы Жеңиш Молдокматов быйыл 2-февралда үй камагына чыгарылган.

Бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 3-февралда үй камагына коё берилген. Ага 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу “имаратты жана мекемени басып алуу” деген беренеси менен да кине тагылган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян мыйзам бузуулар менен коштолгонун айткан саясий партиялардын тарапташтары жана жарандык коом эртеси күнү Бишкекте нааразылыкка чыккан. Аянтка чыккан эл менен милиция кагылышып, митингчилер Ак үйдү ээлеп алышкан. 10 күнгө созулган бийлик кризисинен кийин президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип, бийликке Садыр Жапаров келген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG