Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлду. Бул тууралуу 18-мартта "Азаттык" радиосуна ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Таластагы бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ашууда жеңил унаалар өтүп жатат. Бороон-чапкынга карабай жол тазалоо иштери уланууда.

11-март түнү оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Өтмөк ашуусундагы жолдун тазаланбай жатканын айтып, жол тосушкан. Алар облус башчы менен жол тейлөө мекемесинин жетекчисинин келүүсүн талап кылышкан.

Синоптиктер Кыргызстандын тоолу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлүп жатканын айтууда. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG