Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Польшанын мурдагы аскер кызматкери Беларуста асылган абалда табылды


Эмил Чечко.
Эмил Чечко.

Беларустан саясий башпаанек сурап качып кеткен Польшанын мурдагы аскер кызматкери Эмил Чечко Минск шаарында асылган абалда табылды. Бул тууралуу Беларустун Тергөө комитети кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, 25 жаштагы жигиттин сөөгү ал жашап жаткан батирден табылган. Тергөөчүлөр иликтөөдө суицид жана киши өлтүрүү версияларын карап жатат. Иштин башка жагдайлары маалымдала элек.

“Азаттыктын” беларус кызматы жазгандай, Чечко акыркы жолу бир күн мурда интернеттеги түз ободогу видео программаларда сүйлөгөн. Анда ал Украинадагы согуштук аракеттерге “поляк фашисттери” да катышып жатат деген мааниде сөз кылган.

Поляк аскер кызматкери Беларустун чек арасын 2021-жылдын 16-декабрында кесип өткөн. Ал Польшанын бийлигинин саясаты менен макул эмес экенин маалымдаган. Чечконун билдирүүсү ошол учурда беларус телеканалдарынан байма-бай чагылдырылган. Польшада дезертирлик үчүн ага каршы кылмыш иши козголгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG