Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04

Былтыр жол кырсыгынан 100дөн ашык бала каза болду


2021-жылы катталган жол кырсыктарынын бири.
2021-жылы катталган жол кырсыктарынын бири.

Кыргызстанда 2021-жылы 7437 автокырсык катталып, анын кесепетинен 868 киши каза болуп, 11 миң 357 адам жаракат алды. Жол кырсыктарынан мерт кеткендердин ичинен 114ү балдар.

Бул тууралуу 17-мартта парламентте Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов билдирди.

Президент Садыр Жапаров былтыр декабрь айында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, “Унаа” мамлекеттик мекемеси Ички иштер министрлигине караштуу болуп, айдоочулук күбөлүк берүү, квалификациялык сынактарды өткөрүү, автомектептерге лицензия берүү министрликтин колуна өткөн. Расмий маалымат боюнча, кырсыктардын 90 пайызы айдоочулардын күнөөсүнөн болот. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG