Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналистине айыппул салынды


Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.
Орусиянын "Биринчи каналынын" жаңылыктар кызматынын "Время" программасынан. 14-март, 2022-жыл.

Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты.

Журналист түз ободогу кечки жаңылыктар программасында согушка каршы плакат менен чуркап чыккандан кийин атактуу болду. Бирок ал кадамына чейин интернетке коюлган видео үчүн административдик жоопко тартылды.

Ага түз эфирде Путинди айыптап, согушту жектеген аракети үчүн кылмыш иши козголгону азырынча ырастала элек.

Соттон Mediazona телеканалы түз алып көрсөттү. Судья Анна Болотникованын айтымында, полиция Интернетке көзөмөл жүргүзүү учурунда Овсянникованын «көп адамдарды коомдук иш-чарага катышууга чакырган» видеосун таап алган, бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Соттун чечиминдеги айыптоо корутундусу анын баштапкы видеосундагы «митингдерге чыккыла» деген чакырыгына негизделген. Бирок анын согушка каршы плакат көтөрүп чыкканы тууралуу эч нерсе айтылган эмес.

Марина Овсянникова 15-марттын кечинде сот залынан чыгып, журналисттердин суроолоруна кыска жооп берди. Укук коргоо органдарында 14 сааттан ашык сурак бергенин, жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып, кесиптештерине колдоо үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал түз эфирге чуркап чыкканга чейин видеокайрылуу тартып, аны интернетке жайгаштырган. Видеодо акыркы окуялар үчүн Путинди айыптап, орус-украин ортосундагы согушту токтотууга чакырган:

"Биз 2014-жылы, мунун баары жаңы башталып жатканда үндөгөн жокпуз. Кремль Навальныйды ууландырганда унчугуп, митингдерге чыккан жокпуз. Биз бул адамзатка каршы режимди унчукпай карап турчубуз. Эми бүткүл дүйнө бизден жүз бурду. Эми биздин урпактарыбыздын ондогон муунуна чейин бул ыплас согуштун кара тагы бизден жуулбайт. Бул кара мүртөздүк менен жиндиликти токтотуу биздин гана колубузда. Митингдерге чыккыла, коркпогула! Баарыбызды камай алышпайт”,-деген ал.

Журналист дүйшөмбүнүн кечинде Останкино теле борборунда кармалган. Ошондон бери анын каякта экени белгисиз болчу.

ТАСС мамлекеттик агенттигинин булагы анын иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча Тергөө комитети ага жаңы кылмыш беренесин колдонушу мүмкүн экенин билдирген. Ага ылайык, журналист 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG