Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:49

Орусия президент Байденге, америкалык аткаминерлерге жекече санкция салды


Жо Байден, АКШнын президенти.
Жо Байден, АКШнын президенти.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Жо Байденге, анын уулу Хантерге, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жана башка жогорку даражалуу америкалык аткаминерлерге каршы жекече санкцияларды жарыялады.

"Санкциялык тизмеге киргендерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды", - деп жазылган министрликтин расмий сайтында.

Тизмеде АКШнын Мамлекеттик департаменттинин мурдагы башчысы Хиллари Клинтон, Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан, Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башчысы, (ЦРУ) Уильям Бернс бар.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги бул санкциялык чараларды “АКШнын азыркы администрациясынын өтө ашынган русофобиялык багытынын кесепети” деп билдирди.

Орусияга кирүүгө чектөөлөр Вашингтондун орусиялык жогорку кызмат адамдарына, мамлекеттик кызматкерлерге, олигархтарга жана президентке каршы санкцияларына жооп болуп саналат.

Февралдын аягында Вашингтон Владимир Путиндин, тышкы иштер жана коргоо министрлери Сергей Лавров менен Сергей Шойгунун жана Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовдун өлкөгө кирүүсүнө тыюу салып, алардын чет өлкөлөрдөгү активдерин камакка алынарын жарыялаган.

Мындан сырткары Орусиянын Украинага кол салуусуна уруксат бергени үчүн Мамлекеттик Дума менен Федералдык Кеңештин депутаттарына, өкмөт мүчөлөрүнө, министрликтер менен агенттиктердин жетекчилерине каршы жекече санкцияларды киргизген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG