Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

Өкмөт өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу кеңешин түздү


Кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү, өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алат.

"Кеңеш тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу, кеңеш берүүчү орган болуп саналат", - деп белгиленген өкмөттүн маалыматында.

Координациялык кеңештин төрагасы болуп Министрлер кабинетинин төрагасы бекитилди.

Президент Садыр Жапаров 14-мартта ата мекендик бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда "Жеке жактардын активдерин легалдаштыруу жана мунапыс жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматта өлкө экономикасынын учурдагы абалы, өлкөнү өнүктүрүү үчүн өз ара аракеттенүү жолдору талкууланган.

Буга чейин парламенттин жыйынында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орусияга карата киргизилген санкциялардын кыйыр таасири Кыргызстанга да тийип жатканын, каатчылыкка каршы атайын план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралып жатканын айтты. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG