Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:57

УКМК диплом иши боюнча бир нече ЖОЖду текшерүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жергиликтүү жана чет өлкөлүк окуу жайлар тарабынан берилген дипломдорду текшерүү иштерин улантууда. Бул жасалма дипломдорду аныктоо иштеринин алкагында жасалып жатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө кайсы жогорку окуу жайда канча диплом текшерилип жатканы боюнча маалымат:

  • Ж.Баласагын атындагы кыргыз мамлекеттик/Улуттук университети (КМУ – КМУУ) – 28;
  • К.Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университети (КУАУ) - 11;
  • Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясы (КМДжСА) - 5;
  • И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети (КМУ) - 5;
  • Н.Исанов атындагы кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети (КМКТжАУ). - 3;
  • Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы (КМЮА) - 2;
  • Финансы-экономикалык академиясы - 1;
  • Эл аралык башкаруу, укук, каржы жана бизнес академиясы - 2;
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети - 1;
  • “Дастан” технологиялык университети - 1;
  • Жаштар, эмгек жана ишке орноштуруу министрлигине караштуу Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институту - 1;
  • И.Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университети (КМТУ) - 1;
  • Бишкек технологиялык колледжи - 1;
  • Бишкек финансы-экономикалык техникуму - 1;
  • Ош мамлекеттик университети (ОшМУ)- 2;
  • Ош технологиялык университети - 1;
  • Жалал-Абад мамлекеттик университети (ЖАМУ) – 4;
  • К.Батыров атындагы элдердин достугу университети - 2;
  • Чүй университети - 1;
  • Токмок индустриалдык-педагогикалык техникуму - 1;
  • К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети - 3;
  • Москва ишкердик жана укук институтунун Каракол филиалы - 1;
  • Балыкчы социалдык-экономикалык институту - 1;
  • Ысык-Көлдөгү бухгалтердик эсеп мектеби - 1;
  • Талас мамлекеттик университети - 1;

УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдагандар жана аны пайдалангандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. Жасалма диплом менен мамлекеттик кызматта иштесе зыяндын орду толтуруларын билдирди.

24-январда УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому боюнча масштабдуу текшерүү башталганын кабарлаган.

Кыргызстанда жогорку жетекчилердин жасалма документке байланыштуу чыры буга чейин да катталган. Айрым депутаттардын кош жарандуулугу аныкталып, мандатынан кол жууса, жасалма диплом алганы билинип калып айып төккөндөр да болгон.

Өткөн жумада Нарында дипломуна байланыштуу райондук прокуратура иликтөө жүргүзүп жаткан мектеп мугалими өз өмүрүнө кол салып, асынып алган окуя катталды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG