Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:17

Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоого өттү


АКШ доллары жана Кыргызстандын сому.
АКШ доллары жана Кыргызстандын сому.

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды.

Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” маалымат агенттигинен жана “Рейтерс” маалымат агенттигинен гана ала турган болду.

Улуттук банктын 2013-жылы кабыл алынган токтомунун 22-пунктунда сом менен рублдин курсу Москва банктар аралык валюталык биржасындагы баалардын негизинде аныкталары көрсөтүлгөн. Жаңы токтомдо бул пункт убактылуу күчүн жоготту.

Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын Борбордук банкына санкция салган. Натыйжада ал мекеме эл аралык резервиндеги 640 млрд. доллардай акчасынын көпчүлүк бөлүгүн иштете албай калды. Бул жана башка чаралар орус рублинин кунун кескин жоготту.

Февралдан бери 1 доллар 75-80 рублдик курстан, 100-120 рублга чейин көтөрүлүп кетти. Орусиянын айрым банктарында жана акча алмаштыруучу жайларында доллар 150-160 рублга чейин сатылууда. Орус бийлиги муну көзөмөлдөө үчүн Москва банктар аралык валюталык биржасындагы сооданы улам-улам жаап салып жатат. Бул биржадагы кийинки курстук аныктамалар 18-мартта гана ачылат.

Орусиядагы валюталык олку-солкулуктун фонунда чет элдик валюталардын сомго карата курсу дагы жогорулады. Февралда 1 доллар 85 сом турса, ушул күндөрү 103-106 сомго чейин чыкты. Мунун алдын алуу үчүн Кыргызстандын Улуттук банкы 60 миллион доллардан ашык каражатты сатыкка чыгарды жана долларды өлкөнүн чегинен тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салды.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнүн Улуттук банкы сомдун курсу эркин калкуу принциби менен аныкталарын, ал суроо-талаптын негизинде өйдө-төмөн болуп турарын билдирип келет. Каржы көзөмөл мекемеси ага карабай чет элдик валюта тартыш болгон сайын долларды сатыкка чыгарып турат жана сомдун курсун рубль менен бирдей кармоого аракет кылганы байкалат. Рубль күчүн жоготкон сайын сом да күчүн жоготкону ушуну менен түшүндүрүлөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG