Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:12

Украинанын Польша менен чектеш аймагындагы аскердик полигону аткыланды


Яворов аскердик полигону. Архивдик сүрөт.
Яворов аскердик полигону. Архивдик сүрөт.

Орусиянын аскерлери бүгүн 13-мартта эртең менен Украинанын Польша менен чектеш аймагында жайгашкан аскердик базасына жалпысынан сегиз ракета атканын “Азаттыктын” украин кызматы билдирди.

Львов облустук аскердик администрациясы “Оккупанттар Яворов шаарындагы Эл аралык тынчтык орнотуу жана коопсуздук борборуна абадан чабуул жасашты. Баштапкы маалымат боюнча, сегиз ракета менен аткылашты” деп билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн академиясынын маалыматына караганда, “мерт кеткендер жок, жараат алгандар боюнча маалыматты тактоо иштери жүрүүдө”.

Польша менен чек ара тилкесинен 25 чакырым аралыкта, 360 чарчы чакырым аянтта жайгашкан бул борбор Украинадагы эң ири мекемелердин бири экени белгилүү. Ал жерде украин аскерлери НАТО менен биргеликте машыгуу өткөрүп турат.

Мындан тышкары, өлкөнүн батышындагы Ивано-Франковска шаарчасындагы аэропортко да чабуул коюлганы маалым болду.

12-мартта кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага басып кирген үч апта ичинде кээ бир шаарлар тыптыйпыл болуп, жок кылынганын, өлкөдөн 2,5 миллион адам качып чыгууга мажбур болгонун, курчоодо калган айрым аймактарда адамдар тузакта отурганын айтты.

Согушту токтотуу боюнча түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок майнап чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG