Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:46

Армения менен Түркия мамилени оңдоого киришти


Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян Анталияда дипломатия форумуна катышууда. 11-март, 2022-жыл.
Армениянын тышкы иштер министри Мирзоян Анталияда дипломатия форумуна катышууда. 11-март, 2022-жыл.

Армения менен Түркиянын тышкы иштер министрлери ондогон жылдарга созулган кастыктан кийин эки өлкөнүн алака-катышын оңдоо аракетин жасап, 12-мартта жолугушту.

Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Анталияда өткөн дипломатиялык форумдун алкагында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

"Жолугушууда биз эки тараптын мамилесин оңдоо жараянын улантууга, карым-катнаштарды түзүүгө, чек араларды эч кандай шарт койбостон эле ачууга даяр экендигибизди иш жүзүндө ырастадык", - деди Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу.

Чавушоглу армян кесиптеши менен жарым сааттан ашуун убакытка созулган "өтө жемиштүү жана конструктивдүү сүйлөшүү" болгонун айтты.

"Биз стабилдүүлүк жана тынчтык үчүн аракет кылып жатабыз", - деди ал .

Армения менен Түркиянын мамилеси "Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндарды Осмон империясы жапырт кырган" деген маселеге байланыштуу татаалдашып келген.

1991-жылы СССР кулардын алдында талаштуу Тоолуу Карабак аймагы үчүн армян жикчилдери менен Азербайжандын ортосундагы согуш Анкара менен Еревандын мамилесин андан ары начарлаткан.

Армения колдогон армян жикчилдер Карабакты ээлеп алгандан кийин Түркия 1993-жылы Азербайжанды колдоо үчүн аны менен чек арасын жапкан.

2020-жылы дээрлик отуз жылдан бери этникалык армяндардын көзөмөлүндө болгон Карабак аймагынын көп бөлүгү алты жумалык согуштан соң Азербайжандын колуна өткөн.

НАТОго мүчө Түркия 2020-жылдын ноябрында Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо келишими менен аяктаган согушта Азербайжандын кызыкчылыгын коргогон. Бул азери күчтөрүнө Тоолуу Карабактын көп бөлүгүн жана анын айланасындагы аймактарды көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Эки тарап Түштүк Кавказ чөлкөмүндө жакындашууну көздөгөн көшөгө артындагы дипломатиядан кийин январь айында Москвада түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG