Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:16

Португалияда Абрамовичке жарандык алууга жардам берген раввин кармалды


Орусиялык миллиардер Роман Абрамович.
Орусиялык миллиардер Роман Абрамович.

Портонун криминалдык полициясы орусиялык миллиардер Роман Абрамовичке Португалиянын жарандыгын алууга жардам берген раввинди кармады.

Орусиялык ишкер буга чейин ата-бабалары 15-кылымдын аягында Португалиядан куулганын далилдеп, Евробиримдиктеги бул өлкөнүн паспортун алган.

Равин Даниэль Литвак Абрамовичтин кантип жарандык алганын иликтеген иштин алкагында кармалганын португалиялык Publico гезити жазды.

Дин кызматкери жергиликтүү коомчулукта Португалияда жана Испанияда куугунтукка алынган Пиреней жарым аралында жашаган жөөттөрдүн урпактарын күбөлөндүрүү үчүн жооптуу болгон.

Жума күнү полиция Портодогу жөөт коомунун имаратына анын жетекчилерин жана башка мүчөлөрүн суракка алуу үчүн келди.

Бул жөөт коомуна 2015-жылы 15-кылымда куулган португалдардын урпактарын күбөлөндүрүү укугун берген.

Лиссабон Абрамовичке жарандык мыйзамсыз берилген болушу мүмкүн деп шек саноодо.

Портонун коомчулугунун билдирүүсүндө ал өзү айыптоону четке кагып, “каралоонун” курмандыгы болгон деп билдирди Reuters агенттиги.

Андан тышкары, Улуу Британиянын өкмөтү Абрамовичти санкциялык тизмеге кошкондон кийин АКШнын бир нече инвестициялык фонддору Абрамовичтин активдерин бөгөттөп салганы кабарланган.

Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасына фонддун көрсөтмөлөрү менен тааныш булактар билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG