Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:45

Украина: Орусиянын чабуулу 100 миллиард доллар чыгым алып келди


Чернигов шаары. 7-март, 2022-жыл
Чернигов шаары. 7-март, 2022-жыл

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин экономика боюнча кеңешчиси Олег Устенко Орусиянын 15 күндөн берки чабуулу инфраструктурага, имараттарга, башка мүлктөргө 100 миллиард доллар чыгым алып келгенин билдирди.

Бейшембиде эл аралык онлайн конференцияга катышкан Устенко өлкөдөгү бизнестин жарымы согуштан улам жабылганын, калгандары толук кандуу иштебегенин айтып, Орусияга көбүрөөк финансылык санкция салууга, мунай менен газга толук эмбарго киргизүүгө чакырды.

Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда баштаган урушта украин армиясынын катуу туруштугуна туш болгондо Москва тактикасын өзгөртүп, шаарларды, анын ичинде калк жашаган райондорду абадан бомбалап, артиллериядан аткылап жатат.

Олег Устенко салгылашуулардын масштабын эске алганда, Украинанын финансылык системасы салыштырмалуу “жакшы” экенин, орус аскерлери көзөмөлдөбөгөн аймактарда банкоматтар иштеп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, улуттук валютанын резерви 2,5 миллиард долларга гана азайды, бирок өлкө экономикалык жана аскердик чоң жардамга муктаж.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG