Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Наристени зордуктаган кылмышкердин жаза чарасы кайра каралды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну алты жаштагы кызды зордуктаганы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач айыпталуучу 20 жылга соттолгон, бирок райондук прокуратура өкүмгө макул эместигин билдирип, “жазасы жасаган кылмышынын оордугуна дал келбегендиги үчүн” деп апелляциялык сунуштама келтирген. Ош облустук соту айыпталуучуну Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын 2020-жылдагы изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда бир жылда "зордуктоо" беренеси менен 250дөн ашуун иш козголуп, анын 17си гана сотко жеткен.(AАb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG