Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:11

ТИМ уюштурган акысыз учак Кыргызстанга Польшадан учуп келет


ТИМ.
ТИМ.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги уюштурган акысыз учак 16-мартта Польшадан Бишкекке учуп келет. Бул тууралуу Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов билдирди.

Кадыркулов мындан улам Украинанын аймагындагы кыргызстандыктарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүгө чакырды.

"16- мартта Польшадан Тышкы иштер министрлиги уюштурган акыркы бекер учак учат, ошондуктан бардыгыңыздарды Львов шаары аркылуу Польшага өтүп кетүүнү сунуштоо менен бирге, Украинанын аймагынан чыгып кетүү керек экендигин баса белгилейбиз", - деп айтылат билдирүүдө.

Элчинин айтымында, кыргызстандыктар Львов шаарына бекер эвакуациялык поезд, же такси жана автобустар менен келсе болот.

Орусия Украинада согуш баштаган 24-февралдан бери бул өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгондор 2 миллиондон ашты. Кыргызстандын Украинадагы элчилиги бул күндөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Элчилик ошол жактагы кыргыз жарандары менен байланыш түзүп, эвакуация иштерин жүргүзүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG