Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:59

Жогорку Кеңеш Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берген жок


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңеш "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу тууралуу Башкы прокуратуранын суранычын четке какты. Парламент 9-марттагы сессияда Мадумаровдун ишине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын аны жоопко тартууга уруксат бербеген чечимин колдоду.

Бул тууралуу убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Айбек Осмонов "Азаттыкка" билдирди.

​Башкы прокуратура февралда Мадумаровго карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козгогону белгилүү болгон. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аны жоопко тартууга макулдук берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылган. Буга байланыштуу депутаттык комиссия түзүлүп, комиссия Башкы прокуратуранын сунушун четке каккан.

Кийин мекеме кылмыш ишин “Мамлекетке чыккынчылык” беренесинен “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине өзгөрткөн.

Адахан Мадумаров кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколдон улам 14-январдан тарта Башкы прокуратурада күбө катары бир нече жолу сурак берген.

2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG