Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Украинада 100дөй кыргызстандык калды


Болгариядагы качкындар үчүн ачылган баш калка жайы.
Болгариядагы качкындар үчүн ачылган баш калка жайы.

9-мартка карата Украинада 100дөй кыргызстандык бар. Тышкы иштер министрлиги аларды коопсуз жакка көчүрүү ишин улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Украинадан коопсуз өлкөлөргө көчүрүлгөн кыргызстандык жарандарды мекенине кайтаруу үчүн Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Польшага кетти.

Консулдук кызматтын дипломаттары Польшадагы убактылуу баш калка жайларына жайгашкан кыргызстандыктардын абалы, тамак-аш менен камсыз болушун көзөмөлдөп, аларды Кыргызстанга алып келүүнү сүйлөшөт.

8-мартка карата Украинадан Венгрияга 91, Польшага 201, Словакияга 20, Румынияга 19, Түркияга 66, Молдовага 21, Чехияга 85, Литва менен Германияга 13 кыргызстандык эвакуацияланды. Жалпы 412 кыргыз жараны Украинадан көчүрүлдү.

Тышкы иштер министрлиги Консулдук кызмат департаментинде жана Кыргызстандын Украинадагы элчилигинде ыкчам байланышуу үчүн төмөндөгү телефон номерлер иштеп жатканын эскертет.

  • Кыргызстандын Украинадагы элчилиги:

+380997573413,
+380442370346,
+380442370348, ошондой эле элчиликтин «WhatsApp» тобу;

  • ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:
    +996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери;
    +996 703 428 865, +996 709 983 465, +996 554 065 215.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери бир нече шаарлар талкаланды. Жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болуп, качкындардын саны көбөйдү. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG