Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Украина: Сумыдан элди эвакуациялоо аракети жүрүп жатат


Сум шаарынын тургундарын коопсуз жерге чыгаруу аракети. 8-март, 2022-жыл
Сум шаарынын тургундарын коопсуз жерге чыгаруу аракети. 8-март, 2022-жыл

Украинанын расмий өкүлдөрү 8-мартта Сумы шаарынан эвакуацияланган эл эки колонна менен чыгарылганын билдиришти. Анын алдында Орусия менен ок атууну убактылуу токтотуп, гуманитардык коридор түзүү макулдашылган. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Сумыдан чыгарылгандар Полтавага карай бет алганын айтты. Эвакуация болгондордун арасында индиялык жана кытайлык студенттер бар. Ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт менен, саат 21ге чейин уланмакчы.

Алдыңкы күнү шаар орус армиясынын аба соккусуна кабылганда 21 киши мерт кеткенин, арасында эки наристе болгонун Украинанын Башкы прокуратурасы билдирди. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү украиналык төрт жоокер окко учканын маалымдады.

Орусия кошуна өлкөгө басып киргенден бери БУУнун адам укуктары боюнча кеңсеси 400дөн ашуун карапайым кишинин каза болгонун каттады. Кеңсе ошол эле маалда жоготуулар мындан эселеп көп болушу мүмкүн экенин кабарлады.

Эң аянычтуу абал Кара деңиздеги Мариупол шаарында түзүлдү. Бир нече күндөн бери калк таза суу, жылуулугу жок отурат, канализация системасы керектен чыкты. 430 миң калкы бар калаанын жарымынан көбү чыгып кетүүгө аракет көрүүдө.

Киевдин жака белиндеги Ирпень шаарынын тургундарын да коопсуз жерге көчүрүү аракети уланууда. Жергиликтүү тургундар шейшембиге караган түнү катуу аткылоого дуушар болгонун айтып беришти.

Батыш жана аналитиктер орус армиясынын согуштук планы ишке ашпай калгандан кийин Москва тактикасын өзгөртүп, украин шаарларын кысууга киришкенин айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG