Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Пакистанда президентти коштогон кербенден кийин жардыруу болду


Балучистандагы Сиби районунун картасы
Балучистандагы Сиби районунун картасы

Пакистандын түштүк-батышында 8-мартта бомба жарылганда коопсуздук күчтөрүнүн кеминде беш мүчөсү каза таап, 28 киши жарадар болду.

Балучистан аймагында болгон кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок. Расмий маалыматка караганда, жардыруу президент Ариф Алвини коштоп бараткан кербен өткөндөн көп узабай болгон. Президент Сиби шаарына маданий иш-чарага катышуу үчүн барган. Кол салгандар Алвини бутага алышканбы же жокпу азырынча беймаалым.

Жергиликтүү полициянын өкүлү жараат алгандарды куткаруучулар ооруканаларга жеткиришкенин айтып берди. Айрымдарынын абалы оор деп бааланууда.

Табигый ресурстарга бай Балучистан Ооганстан жана Иран менен чектеш. Аймактагы абал турктуу эмес, маххаб аралык зомбулук, ашынган исламчыл согушкерлердин чбауулдары көп болот. Жикчилердин козголоңунан 2004-жылдан бери миңдеген киши жабыркады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG