Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Талибдер менен Ирандын чек арачылары атыша кетти


Иран-Ооганстан чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт
Иран-Ооганстан чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын Нимроз чөлкөмүндө талибдер менен Ирандын чек арачылары атыша кеткенин “Азади” радиосуна жергиликтүү булактар маалымдашты.

“Талибан” кыймылындагы булак кармаш 7-мартта ооган дыйкандары чек ара аймагында арык каза баштаганда тутанганын билдирди. Маалыматка караганда, дыйкандарды токтотуу үчүн ирандык чек арачылар ооган аймагына кирип келген. Талибдер кийлигишип, ок атышууда “Талибандын” машинеси өрттөндү.

Расмий ырасталбаган кабарларда Ирандын төрт чек арачысы куралдуу тиреште окко учканы айтылды. "Талибан" тараптагы жоготуулар тууралуу айтылган жок. Буга чейин да Ооганстан-Иран чек арасында ушундай эле кармаштар катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG