Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:01

Акылбек Жапаров акыйкатчы менен жолугушту


Атыр Абдрахматова жана Акылбек Жапаров.
Атыр Абдрахматова жана Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Омбудсмен болуп жаңы шайланган Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин сайты жазды.

Жапаров акыйкатчы мамлекеттик органдардын иш-аракетинин мыйзамдуулугун, адам укуктары менен эркиндигинин сакталышын көзөмөлдөп, мамлекеттик кызматкерлерге арызданган жарандардын дооматын кароочу институт экенин белгиледи. Жапаров жоопкерчиликтүү кызматка биринчи жолу аял кишинин шайланганын белгилеп, бул тармакта жакшы жылыштар болоруна ишеним артаарын билдирди.

2-мартта Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырган. 41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болгон. 2021-жылдагы парламенттик шайлооодо Жети-Өгүз районунан бир мандаттуу округдан ат салышкан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG