Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:15

Украинанын, Грузиянын жана Молдованын Евробиримдикке кошулуусу карала баштады


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Европа Биримдиги Украина, Грузия жана Молдованын биримдикке кошулуу арызын 7-мартта расмий түрдө карай баштады. France Presse маалымат агенттиги француз дипломаттарына таянып Евробиримдик өлкөсүнүн элчилери Еврокомиссиядан мурунку СССРдин курамындагы үч мамлекеттин арызын баалоону суранганын жазды.

Бул процесс Еврокомиссияда жылдарды талап кылышы мүмкүн. Аталган мамлекеттерге тийиштүү талаптарга жооп берүү үчүн реформа кылуу сунушталышы ыктымал. Талапкерлерге биримдикке мүчө болууга 27 мүчө мамлекет макулдугун бериши керек.

Орусиянын Украинадагы согуштук аракеттеринен улам СССРдин курамындагы мурдагы мамлекеттердин Евробиримдикке мүчө болууга арызын кароонун символикалык мааниси бар. Бул биринчи кадам жана процесс жылдарды талап кылып, жакшы жыйынтык кепилденбейт.

28-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский Евробиримдикке кошулуу жөнүндө арыз жазган. 3-мартта ушундай арыз менен Грузия жана Молдова кайрылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG