Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

Гостомелдин бийлиги орус аскерлери шаар мэрин атып өлтүргөнүн билдирди


Ирпинь менен Гостомель ортосунда талкаланган орусиялык техника. 28-февраль 2022-жыл
Ирпинь менен Гостомель ортосунда талкаланган орусиялык техника. 28-февраль 2022-жыл

Орус аскерлери Киевдин түндүк-батышындагы Гостомел шаарчасынын мэрин атып өлтүрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, маркум ошол маалда курчоодо калган элге нан таратып жүргөн.

Шаардык кеңеш "Фейсбуктагы" баракчасына Юрий Прилипко менен кошо эки кызматкер Иван Зоря менен Руслан Карпенко окко учканын жазды. Аэродромдун жанында жайгашкан Гостомел орус армиясы басып кирген 24-февралдан бери туруштук берип жатат. 16 миңдей калкы бар шаардын басымдуу жашоочулары качып чыкты.

Ушул эле күнү Украинанын түштүгүндөгү Новая Каховка шаарында 6-мартта орус аскерлери Орусияга каршы демонстрациясынын катышуучуларына ок атканын аймактык прокуратура билдирди. Маалыматка караганда, бир киши каза болду, жетөө жараланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG