Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:37

Улуттук банк насыя алган жарандардын маселеси тууралуу маалымат таратты


Улуттук банк.
Улуттук банк.

Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдардан насыя алган жарандарды кандай шартта Улуттук банкка кайрылуусу керектиги тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, кардар кандайдыр бир суроо жаралса, биринчи кезекте финансылык-креддиттик уюмдун өзүнө кайрылуусу керек.

Эгерде керектөөчү алган жооп менен макул болбосо же жетиштүү деңгээлде жооп ала албаса, анда Улуттук банкка кайрыла алат.

Кайрылууда (даттануу) керектөөчүнүн толук аты-жөнү, дареги жана телефон номери, кайрылуунун мазмуну көрсөтүлүүгө тийиш, зарыл болгон учурда керектөөчүнүн дооматтарын ырастаган документтер тиркелиши керек.

Жарандар бул шилтеме аркылуу Улуттук банктын жана анын аймактарда жайгашкан башкармалыктарынын электрондук даректерин биле алат.

Кыргызстандык ишкерлер жогорку бийликке кайрылып, доллар менен алынган насыяны улуттук валютага которууну өтүнүп жатышат. Өлкөнүн валюта базарында азыр 1 доллардын баасы 97-98 сомго барабар. Акыркы он күндө АКШ доллары дээрлик 15 сомго жакын кымбаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG