Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Коронавирус он кишиден аныкталып, бир бейтап каза тапты


Кыргызстанда 7-мартка карата коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 200 миң 641ге жетти.

Акыркы суткада коронавирус 10 адамдан аныкталды, бир бейтап каза тапты. Азыркы тапта ооруканада 153 адам дарыланууда, алардын 16нын абалы өтө оор, 67нин абалы оор деп бааланууда. 260 адам үй шартында дарыланып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны 1 миллиондон ашты.

Бустердик (үчүнчү) доза 120 миңден ашык адамга сайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG