Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Москвада согушка каршы акциянын катышуучулары кармалды


Алматыдагы митинг. 6-март , 2022-жыл
Алматыдагы митинг. 6-март , 2022-жыл

Орусияда 6-мартта Украинадагы согушка каршы акцияларда 2 миңден ашуун киши кармалды. Орус аскерлеринин кошуна өлкөгө басып киришине каршы митинг, пикеттер 24-февралдан бери өтүп келатат.

Бийлик уруксат бербегенине карабай өткөн жекшембидеги акция согуш башталгандан берки эң чоң акция болуп калды. Нааразылыкка чыгууга оппозициялык саясатчы, абакта отурган Алексей Навальныйдын тарапташтары да чакырып келишти.

Москванын борборундагы Манеж аянтында жана анын айланасында акциянын катышуучулары кармалып жатат. Бүгүн 80 жашка чыккан укук коргоочу Светлана Ганнушкинаны метронун жанынан кармап кетишти. Кармалгандардын арасында “Мемориал” укук коргоо борборунун кеңешинин мүчөсү Олег Орлов дагы бар. Ал “Украинага - тынчтык, Орусияга - азаттык!” деген плакатты көтөрүп турган.

Полиция бир нече кишини жерге жыгып, сүйрөп кетүүгө аракеттенди, кээ бир митингчилер качып кетүүгө үлгүрдү. Дагы бир жерде кармалгандар жүктөлгөн автозак устунду сүзүп, ичиндеги 27 кишинин 11и жабыркады.

Орус Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, башкалаада согушка каршы акцияга 2 жарым миңдей киши катышты, 1 миң 700ү кармалды.

Санкт-Петербургда митингге чыккандарды гана эмес, жөн эле кетип бараткан кишилерди туш келди кармап жатышты.

Хабаровскиде чогулгандар тизилип, жүрүшкө чыгууга аракеттенгенде полиция аларды кармай баштады.

Иркутскиде акцияга чыккандар жүрүшт тынчтыкка чакырган ырларды ырдашты. Бир нече кишинин кармалганы маалымдалды.

Новосибирскиде кармап кетишкен 200дөн көп кишинин арасында жумушун аркалап жүргөн журналисттер да бар.

Томскиде согушка каршы акцияга 100дөй киши катышса, 20сын тартип коргоочулар кармап кетишти. Калгандары шаар администрациясынын имаратын көздөй жүрүш жасашты. Пермде полиция “Согушка - жок!” деген плакат менен чыккан кишини кармады.

Ушул эле күнү Казакстандын Алматы шаарында Украинадагы согушка, Орусиянын агрессиясына каршы митинг уюштурулду.

“Азаттыктын” кабарчысы окуя болгон жерден маалымдагандай, "Сарыарка" кинотеатрынын артындагы сейил бакка жүздөгөн адам чогулду. Алар Украинанын желегин көтөрүп, “Жашасын, Украина!", ""Согушка жол жок!", "Путин, Гаага, түрмө!" - деп кыйкырып турушту.

Сөзгө чыккандар "Украинада болуп жаткан окуялар эртең Казакстанда да болуп кетиши мүмкүндүгүн” айтышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG