Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Мариуполдун 400 миңдей жашоочусу эвакуацияланат


Мариуполь шаары. 4-март, 2022-жыл
Мариуполь шаары. 4-март, 2022-жыл

Украинанын Мариуполь шаардык кеңеши орус аскерлеринин курчоосунда калган 400 миңдей тургун бүгүн, 6-мартта ок атышуу убактылуу токтогондо кечки саат 9га чейин эвакуацияланарын билдирди. Карапайым эл 5-мартта чыгарылмак, бирок ок атышпоо макулдашуусу сакталбай, тараптар ал үчүн бирин-бири айыпташкан.

Орусия кошуна өлкөгө кол салганынын 11-күнүндө жер-жерлерде салгылашуулар, жоготуулар, шаар, кыштактарды талкалоо уланууда.

Москва маалымат каражаттарына да чабуулун күчөттү. Бир катар ири эл аралык медиа, арасында BBC, CNN, ARD, ZDF, “Эркин Европа/Азаттык радиосу” Орусиядан маалымат берүүнү убактылуу токтотушту. Президент Путин согуш тууралуу “жалган маалымат” тараткандарды 15 жылга чейин эркинен ажыратууну караган мыйзамга кол койду.

Украин армиясы Николаев жана Чернигов шаарлары үчүн айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, орус күчтөрү өлкөнүн ар кайсы аймактарында жүздөгөн ракета атып, артиллериядан аткылашты. Черниговдо эл жашаган райондорго бомба таштаганда ондогон жайкын киши каза тапты. Буча жана Ирпинь шаарлары да катуу аба соккусуна туш болгону маалымдалды.

Британиянын аскердик тыңчылары Орусиянын Украинадагы тактикасын Чеченстан жана Сириядагы согуштарда колдонгон ыкмалары менен салыштырды. Ал жакта орус аскерлери күтүлбөгөн туруштукка туш болгондо шаарларды бомбалоого киришкен.

Орусия турак жайлар жайгашкан аймактарды бутага албаганын айтып келатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG