Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:13

Татарстандагы түрк жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Татарстан жумуриятындагы «Гемонт» заводунун жумучулары айлык акыны 24-февралга чейинки курс менен төлөнүшүнө каршылык билдирип чыгышты.

5-марта жергиликтүү бийлик билдиргендей, заводдун жумушчулары айлык акыны азыркы курс менен төлөп беришин талап кылышкан. Учурда бир доллар 111 рублга бааланып жатат. Ал эми бир апта мурда бир доллар 79,5 рубль турган.

Украинага кол салганы үчүн Батыш Орусияга киргизген санкциялардан улам рублдын куну болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти.

Gemont — Орусияда жергиликтүү энергетикалык компаниялар менен өнөктөштүктө 2014-жылдан бери иштеп келет. Ал курулуш материалдарын чыгарат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG