Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:39

Путин "фейк маалымат" тараткандарга каршы мыйзамга кол койду


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясынын Украинанын аймагындагы аракеттери тууралуу фейк-маалыматтарды тараткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремл кабарлады.

Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 4-мартта жактырган. Жума күнкү жыйында парламент документти үч окуудан дароо бекиткен.

Мыйзам Кылмыш кодексине жаңы берене киргизет. Армиянын аракеттери тууралуу таратылган маалыматты сот “жалган” деп тапса, айыппул же үч жылга чейин колонияга кесилет. Киши кызматтык абалын колдонсо, же атайылап караөзгөйлүк менен жасалма маалымат таратса беш жылдан 10 жылга чейин камалат. "Фейк" маалыматтардын арты оор кесепеттерге алып келсе, аны тараткан киши 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Он күндөн бери Украинанын дээрлик бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуул Киевге жана Харьковго жасалды. Салгылашууда жүздөгөн адам каза болду, миллиондон ашык адам Украинаны таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG