Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:02

Зеленский НАТОну "алсыздык" үчүн айыптады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский НАТОнун алсыздыгын жана биримдиги жоктугун айыптады. Мындай билдирүүнү украин лидери Түндүк атлантикалык аскердик бирикме Украинанын өтүнүчүнөн баш тартканына байланыштуу жума күнкү видео кайрылуусунда айтты.

НАТОго мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөй турганын уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта билдирген. Ал Брюсселде аскердик бирикмеге кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин отурумунан кийин сүйлөгөндө НАТО Орусия менен согушууга умтулбай турганын белгилеген. Эгер НАТО Украинадагы жаңжалга түздөн-түз аралашса анда чоң согуш чыгып кетүү тобокелдиги жараларын билдирген.

Столтенберг Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө жана сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөп, эгер Москва жаңжалды украин чек арасынан ары чыгарса НАТО өзүн коргой турганын кошумчалаган.

Орусия Укринага басып кирген 24-февралдан 4-март аралыгында жүздөгөн адам өлүп, 1 млн. 200 миңден ашуун адам бозгун болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG