Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Түркиялык журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектүү Бишкекте кармалды


Кылмышка шектүү Түркиялык жаран.
Кылмышка шектүү Түркиялык жаран.

2007-жылы Стамбулда киши колдуу болгон түркиялык журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы Кыргызстандын аймагында Түркиянын жараны жасалма документ менен жүрөт деген маалымат алышкан.

26-февраль күнү Бишкектен 37 жаштагы адам А.И. кармалган. Анын жанынан М.И. аттуу Түркия жаранына таандык жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк табылган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө ага Түркияда издөө жарыяланганы, 2007-жылы Стамбул шаарында журналист Грант Динкти өлтүрүүгө шек саналганы аныкталган. Андан тышкары, уюшкан кылмыштуу топторго катышы бар экени, мыйзамсыз курал алып жүрүү сыяктуу бир нече өзгөчө оор кылмыштарга да шектүү катары издөөгө алынганы такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) жана 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтерди жасалмалоо) менен кылмыш иши козголду.

Кармалган жаран 28-февраль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына эки айга камалган.

Армян-түрк тилинде чыккан «Агос» гезитинин редактору, 53 жаштагы Грант Динк 2007-жылдын 19-январында Стамбулда чак түштө өлтүрүлгөн. Ал 20-кылымдын башындагы армяндардын массалык кырылышын “геноцид” деп атап келген.

Буга чейин журналисттин өлүмү үчүн 17 жаштагы Огун Самаст кылмышты жасаганын мойнуна алып, 2011-жылы 23 жылга абакка кесилген. Ал эми кылмышка буйрук берген түркиялык улутчул Ясин Халалдын күнөөсү далилденген соң өмүр бою абакка кесилген.

2010-жылы Европадагы Адам укуктары боюнча сот Грант Динктин ой-пикир билдирүү эркиндигин сыйлап, анын өмүрүн сактап калбагандыгы үчүн түрк бийлигин "жооптуу" деп тапкан. Анын үй-бүлөсүнө кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG