Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:41

Украинанын бир нече шаарында салгылашуулар уланууда


Украинанын Бучи, Одесса, Херсон, Мариупол, Волновах шаарларында өкмөттүк аскерлер менен орус армиясынын ортосунда айыгышкан салгылашуулар жүрүп жатат.

Бучи шаарынын мэри Анатолий Федорук украин телеканалынын түз обосунда билдиргендей, калаанын жака белинде бир нече сааттан бери кагылышуулар жүрүп жатат.

«Буча-украин шаары. Душманга украин күчтөрү татыктуу туруштук берип, орус аскерлерин шаардан улам сүрүп чыгууда. Салгылашуулар Буча менен Ворзель шаарынын ортосунда уланып жатат»-деди шаар башчысы.

Ошондой эле Изюм шаарына ракеталык соккулар болуп жатканы кабарланды.

Мариупол шаардык кеңеши билдиргендей, орус аскерлери калааны куурчап алып, жайкын тургундарды эвакуциялоого гуманитардык жол ачып бербей жатышат.

Орус-украин делегацияларынын Беларустун Брест облусунда өткөн 3-марттагы сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасында тараптар гуманитардык коридорлорду уюштурууну, ал аткарылып жаткан учурда ок атышууну убактылуу токтото турууну макулдашкан. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Михаил Подоляк сүйлөшүүдөн кийин журналисттерге билдирди.

Ал украин делегациясы башка талаптары боюнча жыйынтык ала албаганын кошумчалап, сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасына даяр экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG